Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө ашыкча салмактуу наристелер көбөйүүдө

Коом | 22 Июн 2022 | 761 | 0

Кыргызстанда ашыкча салмактуу наристелер көбөйүп баратканын адистер эскертишүүдө. Буга кыймылсыздык, смартфон, компьютерге көп алаксуу, үй-бүлөдөгү психологиялык абал, витаминдүү тамактанбоо деген сыяктуу ар кандай факторлор себеп болууда. Балдардын ашыкча салмагы кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

Бишкек шаарынын тургуну Жайнагүлдүн 7 жаштагы баласы ашыкча салмактан жабыркап келет. Ага аз кыймылдап, көп ичип-жегени себеп болуп жатканын, болбосо дени соо экенин айтат.

 «Менин балам 7 жашта, 1-класска барат. Жакында эле дарыгерге көрсөтсөм, салмагы 8 килограммга ашык деп айтты. Өзү 38 килограмм, норма боюнча 30 килограмм болушу керек экен. Баламдын табити жакшы, тамакты көп жейт. Бирок аз кыймылдайт. Мектеби үйдүн жанында, барып келет, болду. Дарыгер тамакты азайтып, спортко бергиле деп айтты. Азырынча кечинде эле чуркатып жатам, спортко бере элекмин. «Спорттун кайсы түрүнө берсем?» — деп ойлонуштуруп жатам. Баламды бир аз арыктатайын деп жатам, себеби мунун кесепети баарыбызга эле белгилүү го, жакшы эмес. Келечекте кыйналып калат».

Адистердин айтымында, балдардын семирүүсү гипертония, кант диабети жана башка көптөгөн оорулардын өөрчүшүнө түрткү берет. Алар кийинчерээк адамдын жашоосун кыскартат, бул калк үчүн гана эмес, бүтүндөй мамлекет үчүн көптөгөн көйгөйдү пайда кылат.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Марина Дүйшөнкулова өлкөдөгү балдардын салмагы боюнча маалымат берди. Анын айтымында, эң арык балдар Ош облусунда, ал эми ашыкча салмактуулар Бишкек шаарында көп катталат.

«Эгер биз мындан 30 жыл мурун глобалдык масштабда да, Кыргызстандын масштабында да балдардагы аз кандуулук жана микроэлементтердин жетишсиздиги, аз тамактануу жөнүндө сөз кылган болсок, эми акыркы 10 жылда ашыкча салмак жана семирүү жөнүндө айтып жатабыз. Бул көйгөй глобалдык мүнөзгө ээ жана Кыргызстанга да тиешелүү. Ымыркайлардын төрөлгөндөгү салмагынын эң жогорку көрсөткүчү Бишкекте, ал эми эң төмөнкү көрсөткүчү Нарын облусунда байкалган. Ал эми 7 жашка чейинкилер арасында эң арык балдар Ош облусунда, эң салмактуулар Бишкек шаарында көбүрөөк катталган».

Эндокринолог Өрүк Муканбаева балдардын семирип кетишинин себептерин айтып берди.

Биринчи кезекте баланын калкан безиндеги (щитовидная железа) гормондордун бузулушу себеп болушу мүмкүн. Экинчиден, туура эмес тамактануу семирүүгө алып келет.

«Бүгүнкү күндө ата-энелердин баары жумушта, колдору бошобойт. Ошондуктан балдар фаст-фуд, бат даярдалуучу тамактарды жеп жатышат. Гамбургер, сендвич, картошка-фри сыяктуу азыктар зыяндуу, себеби алардын курамында майонез, кетчуп сыяктуу семирте турган кошулмалар бар. Ошондой эле газдалган суусундуктар жана таттуулар да ашыкча салмак кошууга түрткү берет».

Балдардын ашыкча салмак алуусуна бир гана туура эмес тамактануу же ар кандай оорулар себеп болушу мүмкүн эмес. Ага ата-эне менен болгон мамилеси, үй-бүлөдөгү психологиялык абал да олуттуу таасир этет. Психолог Сумая Асанова балдардын ашыкча салмак алуусунда физиологиялык жана психологиялык абал роль ойноорун айтат.

Ата-эненин балага аз убакыт бөлгөнү, жетиштүү сүйүү, мээрим ала албагандыктан бул нерселерди тамакка алмаштырып, семире баштайт.

«Ошол эле учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон мамилеси көп таасир этет. Андан кийин биз көп жолу айтып келген смартфон, гаджеттерди ашыкча колдонуу. Мисалы, бала бир оюнду ойноп же мультфильм көрүп отурса, эмнени жеп-ичип жатканын билбей калат да, ошонун негизинде да семире баштайт. Мындан сырткары балдарга сын айтуу чон таасир этет. Мунун негизинде кемсинтүүчү, басынтуучу сөздөрдү айтпоо керек. Жалпылап караганда, дени сак үй-бүлөдөн дени сак бала тарбияланат. Бул сөздүн ичинде баары камтылган».

Психолог ушул жагдайлардан улам балдар семирип же тескерисинче, тамак жебей, арыктап кетиши мүмкүн экенин эскертет.

Изилдөөдөгү маалыматтарды айтсак, Кыргызстандагы ата-энелердин жана камкорчулардын 20%га жакыны гана балдары күн сайын жаңы жемиш жей турганын билдиришкен.

Күнүмдүк жашылча керектөө 31%ды түздү. Ачуу жана туздуу азыктарды жумасына жок дегенде бир жолу балдардын 52,4% керектейт.

Балдардын 76,9%ы жумасына эң аз дегенде бир жолу момпосуй же шоколад сыяктуу таттуу даамдарды жешет.

52,2%ы эт азыктарын күн сайын жеп турушат. Ал эми балыкты 2,4% гана жейт. Демек, балдар пайдалуу азыктар менен аз тамактанышат деген тыянак чыккан.

Адистер бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн ата-энелерди балдарын витаминдүү, сапаттуу азыктар менен тамактандырууга, моралдык жактан жакшы көңүл бурууга, атайын убакыт бөлүп, аларды мактап, колдоо көрсөтүүгө чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM