Connect with us

Кыргызстанга Индия 1.5 млн, Дүйнөлүк банк 25 млн доллар грант берет

Саясат | 22 Июн 2022 | 491 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Министрлер кабинети менен Индия Өкмөтүнүн ортосундагы гранттык жардам көрсөтүү жөнүндө меморандумду ратификациялоону карашты. Индия социалдык өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөт. Ар бир долбоорго болжол менен 1,5 млн доллар бөлүнүп, жылына 5-6 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Индиядан гранттык жардам алууга багытталган мыйзам долбооруна алдыда кененирээк токтолобуз.

Шаршембиде парламентте Индиядан гранттык жардам алууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Мыйзам тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов баяндама жасады. Ал белгилегендей, меморандум Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган чакан, бирок натыйжалуу долбоорлорду каржылоого багытталган.

«Меморандумда каралган долбоордо капиталдык чыгымдар 1,5 млн доллар же 126 млн сомдон ашпоого тийиш. Долбоорлор билим берүү, медициналык кадрларды даярдоо, айыл чарба жана агроөнөр жай, микроирригация, энергия алуунун жаңы булактары, ошондой эле инфраструктураны түзүү жаатында болот. Индия өкмөтүнөн гранттык жардам алууга өтүнмөлөр Индиянын Кыргызстандагы элчилигине Экономика жана коммерция министрлиги аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн. Ар бир долбоор үчүн Индиянын элчилиги менен Кыргызстандын аймактары жана мекемелеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандум түзүлөт».

Жыйында депутат Дастан Жумабеков мамлекеттик эмес органдарга кимдер кирерине жана алар кандай негизде грант ала турганына кызыкты.

«Мамлекеттик эмес органдарга башка өлкөлөрдөн грант алып берүү деген мыйзамда жок. Мамлекеттик эмес уюмдар деп ар кандай уюмдар бар. Бейөкмөт уюмдар бар жана башкалар бар». 

Жыйында ошондой эле Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы «Баткен облусунун экономикалык аймактарын өнүктүрүүнүн экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө» макулдашуу биринчи окууда каралды. Анда Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 50 млн доллар бөлүп жатканын билдирди.

«Каражаттын жарымы грант түрүндө берилсе, калганы 0.75% менен 38 жылдык мөөнөткө, 6 жылдык жеңилдетилген насыя болуп саналат. Экинчи аймактык экономиканы өнүктүрүү долбоору Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан 2027-жылга чейин алты жылда ишке ашырылат».

Ошондой эле министрдин орун басары долбоор инфраструктураны жана калкты тейлөөнү жакшыртууга, атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу аркылуу кирешени көбөйтүүгө, ошондой эле кичи жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.

Депутат Эмил Жамгырчиев аталган долбоорду Эл аралык АРИС уюму ишке ашырарын сынга алып, чыгымды эки эсе көбөйтпөстөн, жергиликтүү бийлик жана Президенттин Баткен облусун өнүктүрүү боюнча өкүлү деле колго алса болорун белгиледи.

«Демилгечи Экономика министрлиги, ал эми аткаруу жана көзөмөл АРИСте. Келишимдин негизинде АРИС бардык каржылык отчётторду аткарат, техникалык маселелерди чечет. Акча, көзөмөл — бүт баары АРИСтин колунда. Ошол эле келишимде АРИСтин жетекчилери Бишкекте жайгашканы жазылып турат. А каражат Баткен элине бөлүнүп жатпайбы?! Бишкекте отурган адистер ал жакка кантип жардам берет? Алар жергиликтүү калктын көйгөйүн көрө элек. Эмне себептен бөлүнгөн акчаны жергиликтүү калктын өзүнө бербейсиңер, ошол эле учурда президенттин өкүлчүлүгү бар, айыл өкмөт деген бар».  

Депутат Адахан Мадумаров бул долбоордун ишке ашарына ишенбесин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM