Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Үмүт» форуму расмий ачылды

Кыска кабар | 20 Июн 2022 | 220 | 0

Бүгүн, 20- июнда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографтарынын X эл аралык «Үмүт» форуму расмий ачылды.

Эл аралык кинофорум Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналды.

Форумдун ачылышына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары  Чыңгыз Эсенгул уулу катышты.

Ал «Үмүт» форуму чыгармачыл жаштар, кызыктуу жолугушуулар жана жаш таланттардын кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзгөн чыгармачыл-жаратмандык баарлашуулар үчүн аянтча экенин айтты.

Форумду уюштуруунун максаты таланттуу жаштарды колдоо, кинематографияда жаңы ысымдарды ачуу, кинону искусство катары кабылдоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

«Биз үчүн жаш кинематографисттерге КМШ өлкөлөрүнүн катышуучулары менен кызматташуу жана маданий тажрыйба алмашуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү абдан маанилүү. Сунушталган кино саамалык көрөрмандарды кайдыгер калтырбайт жана көптөгөн жагымдуу сезимдерди тартуулайт, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун «Үмүт» форуму элдерибиздин рухий биримдигине салым кошот», — деди ал.

Геннадий Базаров уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, бардык киноишмерге чыгармачылык ийгилик каалады.

Эске салсак, кинофорум 10 жыл ичинде киноишмерлердин жана жаш муундардын ортосундагы диалогду өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп  калды.

Форум 23-июнга чейин уланып, программада толук метраждуу жана кыска метраждуу фильмдердин конкурстук жана сынактан тышкаркы көрсөтүүлөрү, тегерек столдор, алдыңкы кинорежиссёрлордун чеберчилик сабактары, кинорежиссёрлор менен чыгармачылык жолугушуулар, дебюттук фильмдердин таанытымы, ошондой эле атактуу, эл аралык сыйлыктарга татыган тасмалар көрсөтүлөт.

Форум КМШга мүчө-өлкөлөрдүн гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM