Биз менен байланышыңыз

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографтарынын форуму өтөт

Кыска кабар | 19 Июн 2022 | 275 | 0

Бүгүн, 19-июндан 23-июнга чейин Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн жаш киноишмерлеринин «Үмүт» X мааракелик форуму өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти кабарлады.

Бул жолку мааракелик форум КР эл артисти, кинорежиссёр Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына жана экология темасына арналат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Азербайжан, Армения, Индия, Кытайдан жаш киноишмерлер келет.

Иш-чаранын алкагында улуттук жана эл аралык кино сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөрдүн жана катышуучулардын тасмалары көрсөтүлөт. Айта кетсек, быйылкы сынакка 2022-жылдын ичинде тартылган 16 тасма ат салышары буга чейин кабарланган.

Андан тышкары тажрыйбалуу киноишмерлердин чеберчилик сабактары, тематикалык конференция, талкуу, жаңы долбоорлордун таанытымдары орун алат.

Айта кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн жаш киноишмерлеринин эл аралык форуму алгач 2013-жылы КМШ мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун, КР Маданият министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын Кинематография департаменти тарабынан уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM