Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы УКМКнын тергөө абагында «Айыл банктын» төрагасынын экс-орун басары Бакыт Асанбаев өз жанын кыйышы боюнча фактыны текшерип баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматы кызматы билдирди.
Учурда тергөө абагынын видеобайкоо жазуулары алынып, кызмат адамдары суралууда. Ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Окуянын жагдайлары толук жана бейтарап текшерилип, жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.
Белгилей кетсек, УКМК 18-июнга караган түнү «Айыл банк» төрагасынын экс-орун басары Бакыт Асанбаев өзү отурган камерада асынып алганын билдирген. Ал ушул жылдын 30-апрелинен бери тергөө абагында кармалып келген.