Биз менен байланышыңыз

Билим берүүгө реформа жасоого багытталган китеп жарык көрдү

Кыска кабар | 17 Июн 2022 | 700 | 0

Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун «Билим бакыт канаты» аттуу китеби жарык көрдү. Китептин ачылышы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин концерттик залында өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар окуу жайлардын өкүлдөрү, студенттер, жалпы эле билим берүү тармагына кайдыгер карабаган инсандар катышты.

Үч бөлүмдөн турган «Билим бакыт канаты» китебинде Кыргызстандагы билим берүүнүн абалы, аны жакшыртуу жолдору, айталы, балдарды кесип тандоого үйрөтүү, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү сыяктуу бир катар сунуштар жазылып, жалпы эле ушул тармактын адистерине арналган.

Автор Дүйшөн Шаматов билим берүүнү өнүктүрүү жолун Финляндия менен Сингапурдун мисалында караганын, аны менен кыргыздын да өздүк билим берүү брендин жасоону кыялданганын айтып берди.

Келген коноктордун айрымдары китеп менен бетачарга чейин эле таанышып коюшканын, жалпак тил менен жеткиликтүү жазылганын, айрыкча, билим берүү тармагына реформа жасоону ниет кылган жогорку жетекчилик сөзсүз окуп койсо, ашыкча болбосун, тескерисинче, пайда берерин белгилеп өтүштү.

Басылма «Глобал Принт» басмаканасында 500 нускада жарык көргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM