Биз менен байланышыңыз

Ализа Солтонбекова жаңы кызматка дайындалды

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 142 | 0

Ализа Солтонбекова Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Ализа Солтонбекова буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары кызматтарын аркалап келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM