Биз менен байланышыңыз

АКШнын ысык тамак долбооруна быйыл Кыргызстандын 410 мектеби кирди

Билим-маданият , Коом | 15 Июн 2022 | 1740 | 0

Жаңы окуу жылынан тарта окуучулардын тамактануусуна өзгөчө көңүл бурулары айтылды. Окуучуларга кубаттуу тамак берүү программасына быйыл 410 мектеп кошулат. Билим берүү жана илим министрлигинин айтымында, тандалган мектептердин ашканасы заманбап, санитардык талаптарга ылайык кайра оңдоодон өткөрүлөт.  

Билим берүү жана илим министрлиги АКШнын «Мерсико» уюмунун жардамы менен мектептерге кубаттуу тамак берүү программасын ишке ашырууну улантууда. Программаны АКШнын Айыл чарба министрлиги каржылайт. Министрлик алгач 413 мектепти сунуштап, аларга базалык жана инженердик баалоо жүргүзүлгөн. Анын негизинде 410 мектеп тандалып алынганын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал тандоо кандай критерийлер менен жүргөнүн айтып берди.

«2019-жылдан баштап бизде жол картасы бар. Жол картасы боюнча жылына жок дегенде 200 мектеп кирип турушу керек. Андан ары ашканга пландар бар. Пандемияда бир аз кыйналдык. Азыр 1735 мектеп ысык тамак программасына кошулган. Быйыл 410 мектепти тандап алдык. Тандап алуу жергиликтүү бийликтин да мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. Мектептин ашканалары убагында оңдолушу керек. Негизгиси, ашкананын оңдоп-түзөөдөн өткөнү жана суу маселеси. Балдардын колун жууганга шарттар болушу керек. Андай шарттары жок болсо, ысык тамак программасын киргизе албайбыз».

«Мерсико» эл аралык коммерциялык эмес уюму 25 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ашканаларын техникалык жана азык-түлүк жактан жабдып келет. Программанын алкагында ишкана 9 жылдын ичинде 510 мектепке жардам берген.

Уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Елена Бурьян быйыл мектеп жетекчилери менен тыгыз иштешип, ашпозчуларды окутуудан өткөрүү пландалып жатканын айтты.

«Биздин уюм 2012-жылдан бери Билим берүү министрлигине жардам берип келе жатат. Уюмдун негизги максаты: ысык тамак бериле элек мектептерге жардам берүү. Программанын алкагында мектеп ашканаларын техникалык жактан жабдып беребиз. Буга чейин 100 миңге жакын башталгыч класстын окуучуларын ысык менен камсыздадык. Ата-энелер менен да тыгыз иштешебиз. Туура тамактануу, азык-түлүк коопсуздугу тууралуу маалымат берип турабыз».

15-июндан тарта 120 мектепте айыл өкмөттүн кызматкерлери, мектеп администрациясы, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтары жана ата-энелер менен ысык тамак уюштуруу боюнча жолугушуулар өткөрүлөт.

«Мерсико» уюмунун менеджери Саадат Сатарова окуучулардын тамактануусун жакшыртуу максатында быйыл тамак-аштын 6 түрү берилерин айтты. Буга чейин мектептерде тамактын 4 түрү берилип келген.

Мындан сырткары ал азыркы долбоордун өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз кылды.

«Экинчи долбоордун артыкчылыгы быйыл 6 түр тамак берилет. Ошондой эле ун жана сүттөн жасалган азыктарды беребиз. Бул жергиликтүү фермерлердин колдоосу менен ишке ашууда. Мектептеги ашпозчулардын айлыгы төмөн болгондуктан, алар окуудан өткөндөн кийин эле кетип калып жатышат. Бул долбоордо ашпозчуларды моралдык жактан колдоо үчүн аларга жылына эки жолу азык-түлүк берип турууну пландадык. Мындан сырткары бак тигип беребиз. Алар 2-3 жылда мөмө берип калса, бышкан мөмөсүнөн балдарга шире, кыям кайнатылат. Аларды кургата турган жабдууларды да беребиз».

Мектеп ашканаларындагы санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртуу үчүн жыл сайын текшерүүлөр жүргүзүлүп турат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы боюнча адиси Мария Кушубакова окуучулардын ден соолугу маанилүү экенин белгилеп, ашкана текшерүүдөн канча убакытта бир өтүп турарын айтты.

«Бизде республикалык, облустук, аймактык, райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөчү мекемелер бар. Жер-жерине барып, биздин адистер текшерип турушат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, бир жылда бир жолу барып, текшеребиз. Адис кемчил жактарын, аны оңдоо жаатында өзүнүн сунуштарын айтат. Ошол кемчиликтердин жоюлушун көзөмөлдөө үчүн 5-6 жолудан да көп барат. Ошол талаптарды аткармайынча барып, текшерип турат».

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, учурда өлкө боюнча 1735 мектептин башталгыч класстарына кубаттуу тамак берилип жатат. Бул жалпы мектептердин 60%ын түзөт. Калган 40%ы 2023-жылга чейин заманбап шартта оңдолору болжолдонууда.

Башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 4-декабрындагы №135 «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» мыйзамынын жана Өкмөттүн токтомунун негизинде ишке ашырылат.

Copyright © 2017 Maral FM