Биз менен байланышыңыз

Күн ысыганы курч респиратордук оорулар кайра күч алды

Коом | 14 Июн 2022 | 1000 | 0

Күндүн ысышы менен дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү кайрадан күч алды. Ооругандардын 80%га жакыны 14 жашка чейинки балдар болууда. Жыл башынан бери мындай вирустук ооруга чалдыккан 3 миңден ашык бейтап катталган. Курч вирустук инфекциялар көбүнчө кышында катталып, жаз келгени бир аз басаңдай түшкөн. 

Бишкекте дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү күч алганына байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жума сайын мониторинг жүргүзүп жатат.

Департаменттин жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева акыркы жумада дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү менен ооругандар кадимки көрсөткүчтөн 1%га көбөйгөнүн билдирди.

«Ушул жылдын 23-жумасында 22-жумага караганда бир аз көтөрүлгөнү байкалууда. Себеби, бүгүнкү күндө аба ырайы ар кандай болуп жатат. Ал да оорунун көбөйүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Чоңдорго караганда, кичинекей балдардын арасында оору оор өтүп жатат. Ооругандардын 77%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Көпчүлүгү 2-4 жашка чейинки балдар. Курч вирустук оорулар чоңдорго караганда кичинекейлерде оор өтүп, стационардык жардам алууга көбүрөөк келишет. Быйыл өлкөдө мурдатан эле катталып келген метапневмовирус, аденовирус, парагрипптин I-III түрлөрү көбүрөөк катталды».

Эпидемиологдордун пикиринде, бул вирустук оору 37 градустан жогорку ысыкта же катуу суукта пайда болушу мүмкүн. Мындай учурда организмдин коргонуу күчү төмөндөп, оорунун өсүшүнө шарт түзөт.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын амбулатордук-диогностикалык бөлүмүнүн жетекчиси Нургүл Молдалиева учурда дарыланып жаткан бейтаптардын көбү жаш балдар экенин айтты.

«Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 379 бейтап дарыланууда, анын ичинен 318и балдар. Учурда бир суткада ооруканага 300гө жакын бейтап кайрылып жатат. Алсак, акыркы суткада 293 бейтап кайрылган. Анын 102си ооруканага жаткырылды, алардын 86сы балдар. Бейтаптарга көбүнчө курч жана өнөкөт вирустук гепатит, курч ичеги инфекциясы, курч респиратордук вирустук инфекция, инфекциялык мононуклеоз, энтеровирустук инфекция, тонзиллит, эпидемиялык паротит, скарлатина, суу чечек жана кене чаккан диагноз коюлууда».

Дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү менен ооругандар санитардык-гигиеналык чараларды сактабаса, үй-бүлөсүнө да жугузуп алышы мүмкүн.

Врач, эпидемиолог Султан Суранбаевдин айтымында, жаш балдардын иммунитети алсыз болгондуктан аларга тез жугат. Ошол эле учурда иммунитети начар чоң кишилер деле ооруп калышы мүмкүн.

Дарыгер мындай оорулардын 200дөн ашык түрү бар экенин айтты.

«Бул оору жаш курагына карабай жуга берет. Иммунитети алсыз адамдарга тез убакыттын ичинде эле жугуп калат. Ал эми баланын эки жашка чейин иммунитети күчтүү болот. Себеби ал апасынын сүтү менен азыктанат. Алар курч мүнөздөгү оорулар менен оорушпайт. Ооруса да жеңил формада өтөт. Ал эми 3-4 жаштан жогору балдар мындай ооруларга көп кабылышат. Реакция берген учурда температура башталат. Эгер бейтап убагында дарыланбаса, оору күчөп кетет».

Дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрүнөн сактануу үчүн жөнөкөй эрежелерди кармануу керек:

— маска режимин жана социалдык аралыкты сактоо;

— дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо: жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду бетаарчы менен жабуу;

— өзүн жаман сезген, ысытма жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдарды өз убагында изоляциялоо;

— санитардык-гигиеналык талаптарды так аткаруу.

Copyright © 2017 Maral FM