Биз менен байланышыңыз

«Баланын келечекте жакшы адам болушу үчүн үч нерсе керек»

Блог | 13 Июн 2022 | 472 | 0

Баланын келечеги жакшы болушу үчүн үч нерсе керек: жакшы билим, бекем ден соолук, ата-эненин мээрими. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Эгер ушунун бирөө жок болсо, маселе жаралып калышы мүмкүн. Ар бир бала сөзгө эмес, жасаган ишке көңүл бурарын айтты.

«Бала — ата-эненин күзгүсү: чоңдор эмне деп айтса, эмне кылса, ошону кайталайт. Ошондуктан улуулар өздөрүнүн жасаган иштерине, кыймыл-аракетине көңүл бурушу зарыл. Биз баланы кичинекей кезинен уруп, басынтып, шыгын, эркиндигин чектеп чоңойтобуз. Ар бир бала шыктуу, таланттуу болуп жаралат. Ата-эне менен билим берүү системасынын милдети ошол шыгын ачып берүү болуп саналат».

Нурбаев ата-эненин мээрими балага күч-кубат берерин жана өзүнө болгон ишенимин жогорулатарын баса белгиледи.

Баланы кичинекей чагынан баштап өз алдынча чечим чыгарууга, эркин ойлонууга үйрөтүү зарылчылыгына токтолду.

«Каникул башталганда ата-энелер пландап, бала үчүн башташат. Биринчиден, баладан эмнени каалап жатканын суроо керек, чогуу отуруп акылдашуу керек. Биз болсо бала үчүн тамак-аш, кийим, китеп, мектеп, спортту да тандап беребиз, чоңойгондо аялын да тандап беребиз. Бала өзү чечим чыгарып, эркин ойлонушу керек. Ошондо гана баланын шыгы ачылат. Биз аны жаап салып жатпайбызбы».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM