Белгилүү скульптор Тамила Маматовага Казакстандын II даражадагы «Достук» ордени тапшырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Орденди тапшыруу аземи эртең, 9-июнда 15:00дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтөт.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев катышат.
Скульптор Тамила Маматова 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Келте айылында туулган. 2007-2012-жылдары Тургунбай Садыков атындагы искусство академиясында, 2012-2018-жылдары Санкт-Петербургдагы Репин атындагы көркөм сүрөт академиясында билим алган.