Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты. 8-июндагы отурумда адвокаттардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту Фарид Ниязовду 18-июнга чейин СИЗО-1де калтыруу чечимин чыгарган. Андан соң баш коргоо чарасын үй камагына чыгаруу өтүнүчү да четке кагылды.
2020-жылдын 9-октябрындагы башаламандык боюнча кылмыш иши козголгон. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик администрациянын экс-жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов айыптуу деп табылган.
Фарид Ниязов 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуясына, мыйзамсыз паспорт берүү ишине да айыпталып жатат.