Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров жаштарды 4 тил билүүгө жана китеп окууга чакырды

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 284 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Жаш лидерлер» долбоорунун катышуучулары менен жолугушту. Жапаров жаштарды тилдерди үйрөнүүгө, алга умтулуп, билим алуу үчүн күч үрөөгө чакырды.

«Азыр кеминде 4 тилди, анын ичинде IT тилин билүү зарыл болгон мезгил. Кыйынчылыктарга баш ийбестен, алга кадам таштай берүү керек, ал адамдын мүнөзүн калыптандырып, адамды күчтүү болууга үйрөтөт. Китепти көп окугула, алдыга чоң максаттарды коюп, ата-энеңерге жардам бергиле», — деди Акылбек Жапаров.

Ал суроолорго жооп берип жатып өзүн эмне шыктандырарын айтты.

«Мени шыктандыруучу нерселер китептер жана менин неберелерим болуп саналат. Алар мага өсүүгө күч-кубат берет», — деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле долбоор катышуучуларына билим берүү тутумун реформалоо жана таланттуу жаштарды колдоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM