Жайдын келиши менен сейил бактарда батуттар көбөйө баштады. Бул биринчи кезекте балдардын жана алардын ата-энелеринин коопсуздугуна чоң коркунуч туудурат.
Белгилүү болгондой, 20-июндан тарта скверлерге, тротуарларга, бульварларга батут орнотууга тыюу салынат. Баш ийбегендерге мыйзамдуу чаралар көрүлөт.
Бул иштер Бишкек мэри 2021-жылдын 25-мартында кол койгон «Белгисиз жерлерде соода кылууга тыюу салуу жөнүндө» буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
Батут колдонуу уруксаты атайын жайларга: ири соода жана оюн-зоок борборлоруна гана берилет.