Биз менен байланышыңыз

Жапаров: «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курууга бюджетибизде 18,8 млн доллар бар (видео)

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 380 | 0

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу эртең башталат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Эртең биз курулуш иштерин баштап жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, ГЭС курула турган жерге көпүрө салышыбыз керек, туннелди аягына чейин казышыбыз керек. Мына ошол курулуш иштеринин баарын өзүбүздүн күчүбүз менен баштайлы деп жатабыз. Бюджетибизде 18,8 млн доллар бар. Бул да Садыр Жапаровдун кыялдарынын бир эле. «Кумтөр» кени буйруса бүтүп калды, азыр эми «Камбар-Ата-1» ГЭСи башталганы турат. Биринчи этабын бүтүрүү үчүн бизге 3,5 жылдан 5 жылга чейин убакыт керек. 640 мВт станциябызды беш жылдан кийин курабыз деген үмүт бар. Биринчи өзүбүздүн мүмкүнчүлүктү колдонуп, курулуш аянтчасын даярдап коёлу деп жатабыз», — деди ал.

Ошондой эле ал коңшу өлкөлөр бул ГЭСтин курулушуна абдан кызыгып жатканын кошумчалады. Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду келечектүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүүгө чакырган. Алардын бири Кыргызстандагы ГЭСтерди, атап айтканда, «Камбар-Ата-1» ГЭСин биргелешип куруу болушу мүмкүн экенин серепчилер айтышкан.

Кошумчалай кетсек, эртең Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM