Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Кайрат Иманалиев КТРКнын (мурдагы аталышы) директорунун милдетин аткаруучу болуп 2021-жылдын 15-октябрында дайындалган. Ага чейин каналды Бактияр Алиев жетектеген. Ал учурда Социалдык фонддун башчысы.
Кайрат Иманалиев алгач эмгек жолун ушул корпорациянын «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында баяндамачы болуу менен баштаган. 2018-жылы КТРКнын радиоуктуруу тармагы боюнча башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.
2019-жылы Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалган. 2021-жылы февраль айынан октябрь айына чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп иштеди.