Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурордун милдетин Абай Молдокматов аткарат

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 898 | 0

Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу Абай Молдокматовго жүктөлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Абай Молдокматов 1976-жылы 19-февралда Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында туулган.

2020-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары кызматына дайындалган. 2021-жылдын 12-августунан бери биринчи орун басары кызматын аркалап келет.

Айта кетсек, бүгүн, 4-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон тескеменин негизинде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтетилген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтетилди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM