Кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүктөрүнүн ортосунда саат 14:00гө карата атышуу уланып жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Мындан тышкары Чек ара кызматы тажик тараптын аскердик оор техниканы чек ара сызыгына алып өткөнүн билдирди.
Кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүлүп жатканы айтылды.
3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган жаңжал чыкты. Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жүргөндө Тажикстандын чек арачылары шарттуу чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өткөнүн аныкташкан.
Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча талапка көңүл бурбай, Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.
Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, тажик тарап миномётторду колдонгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок.
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды, тажик тарап миномёт колдонууда