Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды, тажик тарап миномёт колдонууда

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 2668 | 0

Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган жаңжал чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Булак-Башы аймагында кызмат өтөп жатканда Тажикстандын чек арачылары шарттуу тилкени мыйзамсыз кесип өткөнүн аныкташкан.

Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча талапка көңүл бурбай, Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.

Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, тажик тарап миномётторду колдонгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок.

Саат 13:00гө карата атышуу уланып жатканы айтылды. 

«Чек ара кызматтарынын телефондук сүйлөшүүлөрүнө жана ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууларына карабастан, тажик тарап ок атууну токтотпой жатат», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип, тажик тарапты атышууну токтотууга чакырды.

Чек ара кызматы: Тажикстан чек ара тилкесине оор техникаларын алып келүүдө

Copyright © 2017 Maral FM