Биз менен байланышыңыз

Депутат кесиптештерине: Камчыбек Кыдыршаевичке теңелбегиле (видео)

Кыска кабар | 2 Июн 2022 | 10684 | 2

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 2-июндагы жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевди мактады.

Ал УКМКнын дарегине сын айткан кесиптештерине кайрылып, ал киши (Камчыбек Ташиев) эл ишенген генерал экенин айтты. Депутаттардын үчтөн бири Ташиевдин артынан өсүп келе жаткан саясатчылар экенин эске салды. Ага теңелип, эртең «буттары сынып калбасын» деп эскертти.

«УКМКнын да жакшы иштерин айтышыбыз керек. Бюджеттен бир сом кетирбей, 20дай райондук, шаардык бөлүмдөрүн жаңыдан куруп, оңдоодон өткөрүп жатышат. «Байрактар» аскердик техникасын алып келгенин эмнеге айтпайсыңар? Коопсуздук жагын катуу көзөмөлдөп жатышат. Карап отурсам, сындаганга өтүп алдыңар», — деди депутат.

Ал Камчыбек Ташиев жеке кабыл алса аткезчилик кимдер аркылуу, кандай жол менен жүрүп жатканы боюнча маалымат берерин айтты.

Ташиев депутатты кабыл аларын билдирди.

2 пикир

2 пикир

  1. Али

    02.06.2022 16:49

    Тупой идиот, жопализ

  2. Адина

    05.06.2022 09:21

    Ваай-Вай…аккуратно, нежно, как надо, где надо жалайт го. Бопкетчу туру бар ушу кишинин

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM