Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында таланттуу балдар үчүн салына баштаган президенттик мектептин курулушу менен таанышты.
Мектеп 220 орунга ылайыкталган. Билим алуу менен бирге ыңгайлуу жашоого зарыл шарттар да түзүлөрү айтылды.
Курулуш Орусиянын Сочи жана Санкт-Петербургдагы орус мектептериндей жүргүзүлөт. Мектеп демөөрчүлүк каражаттарды тартуу менен курулат.
Анда өлкөнүн бардык аймактарынан барган таланттуу балдар билим алып, талантын жана жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мектеп Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансында турган курорттордун биринин аймагына курулуп жатат.
Садыр Жапаров бул объектинин курулушун 2022-2023-жаңы окуу жылына чейин бүтүрүүнү тапшырды.