Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Казакстанга поезд билетинин баасы арзандайт

Кыска кабар | 2 Июн 2022 | 417 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Орусия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашуунун негизинде 3-июндан тарта жүргүнчү поезддердин жол акысын арзандатат.

    Бишкек – Самара

Плацкарт вагондо балдар үчүн билет 3600 сомдон, чоңдор үчүн 9643 сомдон башталат.

Купе вагондо балдардын билети 4675 сомдон, чоңдор үчүн 12694 сомдон башталат.

    Бишкек – Казань

Плацкарт вагондо балдардын билети 4592 сомдон, чоңдор үчүн билет 12476 сомдон башталат.

Купе вагондо балдардын билети 6217 сомдон, чоңдор үчүн билет 17104 сомдон башталат.

  Бишкек – Новосибирск

Плацкарт вагондо балдардын билети 2940 сомдон, чоңдор үчүн билет 7761 сомдон башталат.

Купе вагондо балдардын билети 3801 сомдон, чоңдор үчүн билет 10219 сомдон башталат.

Баалар валютанын алмашуу курсуна жана тарифке карата индексация коэффициенттерине жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Билетти эрте сатып алса арзан болот.

Бир жүргүнчү үчүн, өзүнчө орун ээлебеген, 5 жашка чейинки балдарга акысыз. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын билети чоңдорго караганда эки же андан көп эсе арзан.

Жүргүнчүгө 36 кг кол жүгүн жана жалпы 200 см үч өлчөмдүү жүктү бекер ташуу жана төлөм үчүн кошумча 14 кг.

Үй жаныбары кол жүгүнүн нормасынын эсебинен бекер.

Кол жүгүнүн нормасынын жана өлчөмүнүн эсебинен мотору жок, чечилген велосипед бекер.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөр кол жүгүнүн белгиленген нормасынан ашыкча, алардын кыймылы үчүн зарыл болгон жабдууларды акысыз алып жүрүүгө жана жетектөөчү иттерди бекер алып жүрүүгө укуктуу.

24 саатка чейин комиссиялык жыйымдарды кошпогондо, акча кармап калбай, жол кире акысын кайтарып берүү каралган.

Сурап билүү телефондору: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM