Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке келет.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.
Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүк күн өтөт. Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышары күтүлүүдө.
Жыйын 14:00гө белгиленди.