Биз менен байланышыңыз

БАЭ Кыргызстан менен энергетика, тоо-кен, туризм боюнча кызматташууга кызыкдар

Кыска кабар | 2 Июн 2022 | 353 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга келген Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри менен жолугушту.

Анда айтылгандай, кыргыз-эмират соодасынын көлөмү 2021-жылы дээрлик 70 млн долларды түзгөн.  Бул көрсөткүчтү 3-4 эсе көтөрүү зарылдыгы белгиленди.

Жапаров биргелешкен Кыргыз-эмират инвестициялык өнүктүрүү фондун түзүүнү, БАЭнин Стандарттар боюнча лабораториялык борборун Кыргызстанда уюштуруу, мындан сырткары жогорудагы демилгелерди ишке ашыруу максатында инвестиция борборун ачуу сунуштарын айтты.

БАЭ министри сунушталып жаткан долбоорлор үстүндө Кыргызстан менен иштешүүгө кызыкдардыгын билдирди.

«Биз Кыргызстанга бизнесмендер, ири компаниялар, туризм, энергетика, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрүнөн куралган 40 адамдан турган делегация менен келдик. Негизинен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыкдарбыз», — деди ал.

Кыргыз-Эмират өкмөттөр аралык комиссиянын 2-отуруму, ишкерлер кеңешинин жыйыны ушул жылдын аягына чейин биргеликте өткөрүлөрү айтылды.

Тараптар Кыргызстандын суверендүү фондун түзүү, эмират-кыргыз инвестициялык фондун жана БАЭде инвестиция тартуу борборун түзүү боюнча иштерди баштоону макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM