Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Тосор ашуусунда калган малчыларды куткарууга кызматкерлер жөнөп кетти

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 1760 | 0

Тоң районунун малчылары Тосор ашуусунда калган. Бул туурасында Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнө кабарлаган.

Аларды куткаруу үчүн ӨКМдин Тоң райондук бөлүмүнөн кызматкерлер жөнөп кетишкен.

Алдын ала маалыматка караганда ашууда 2 малчы 30 уй, 80 жылкысы менен турат.

Сырт өрөөнү аркылуу Нарындын жайлоолоруна да ашып түшсө болот. Өрөөндү негизинен Тоңдун чабандары жайлайт.

Май айындагы жааган кардан өрөөнгө кеткен жол, ашуулар бекип калып, малчыларга каттоо кыйынчылык жаратууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM