Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Жедигер Саалаевди кызматынан бошотуу сунушун колдоду

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 358 | 0

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Жедигер Саалаевди Конституциялык соттун судьясы кызмат ордунан бошотуу маселеси каралды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов судья Жедигер Саалаевдин кызматтык мөөнөтү аяктагандыктан ишинен алуу сунушталганын билдирди.

Жогорку Кеңеш сунушту бир добуштан колдоп беришти.

Акын, журналист жана юрист Жедигер Саалаев 1961-жылы 27-мартта Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1996-жылы ушул эле окуу жайдын юридика факультетин аяктаган.

Ал Конституциялык соттун судьялыгына 2015-жылы 21-майда Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM