Биз менен байланышыңыз

Балдарга жөлөк пулду жогорулатууга кошумча 1 млрд 200 млн сом бөлүнгөн

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 512 | 0

Балдарга жөлөк пулду жогорулатуу үчүн өлкөнүн бюджетинен 1 миллиард 200 миллион сом кошумча бөлүнгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан Балыкчыдагы «Шоола Нурлуу балдар» майып балдарды колдоо жана өнүктүрүү борборундагы балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чарада билдирди.

«Президент Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пулдарын жогорулатууга кошумча 1 миллиард 200 миллион сом бөлдү, жогорулоо өлкө боюнча 300 миңден ашуун балага таасирин тийгизет жана бул багыттагы иш токтобойт, мамлекеттин балдарга болгон камкордугу системалуу, ырааттуу», — деди министр.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр борбордун тарбиялануучуларын куттуктап, белектерди тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM