Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 363 | 0

Президент Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы билим берүү жана башка имараттардын абалы менен таанышат.

Жапаров ошондой эле реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат.

Комплекстин ачылышы УТРК телеканалы аркылуу саат 14:00до түз көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM