Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев: Акимдерди же губернаторлорду жок кылуу керек

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 1315 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев өкмөт борбордук бийликти реформалап бүткөнүн, бирок жергиликтүү бийлик, губернаторлор таптакыр иш аткарбай жатканын бүгүнкү жыйында сынга алды.

Анын айтымында, же акимдерди, же губернаторлорду жок кылуу керек.

«Аткаруу бийлиги, жергиликтүү бийлик иштебей калды. Губернатор менен акимдер элдин мүдөөсүн, айткандарын укпай калышты, керең болуп. Өзгөн районунун Жапалак-Таш айыл өкмөтүнүн жакшынакай иштеп жаткан башчысын алып салып, чатак чыкты. Аягында Өзгөндүн акими Мурат Раматовду да алып түштүңөр. Ош губернаторунун чыгарган токтому мыйзамсыз. Анткени айыл өкмөт башчыларын дайындоонун өзүнүн жолу бар. Ал жерде уруш чыгарып эмне кыласыңар?» — деди ал.

Ошондой эле ал өзгөчө кырдаалдар министринин иштерин сындап, алдын алуу жоктугунан өзгөчө абал орун алып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал кээ бир министрлер сөз укпай керең болуп калганын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM