Биз менен байланышыңыз

Мадумаров Баткенде жер семирткичтер дыйкандарга жетпей жатканын сынга алды

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 278 | 0

Биз быйыл дыйкандарды канчалык кыйнаганыбызды билбей жатабыз. Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндө жер семирткичтер дыйкандарга жете элек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунун башчысы бул ишти аягына чыгарууга күндө убада берип келет. Бирок 24-майдан бери чечилбей келет.

«Айыл чарба министрлигинин «жер семирткичтер дыйкандарга жеткирилиши керек» деген расмий жообу турат. Дыйкандарды какшатып бүттүңөр го! Урматтуу Талант Турдумаматович, мен сизден талап кылам, бүгүндөн калбай УКМКны жана тиешелүү органдарды чакырып, ушул жерден чекитти коюшубуз керек. Какшап, кыйкырып жатышат, мындан ары кимге кайрылышы керек? Качан алат бул постторду? Айыл өкмөттүн башчысы жалдырап кайрылып жатса да өткөрбөй жатасыңар. Бул эмне деген өлкө, эмне деген мамлекет, ушундай да бийлик болобу? «, — деди Мадумаров.

Эске салсак, 30-майда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы «Развилка» постунда кармалып турган жер семирткич (селитра) элдин суранычын эске алуу менен өткөрүлгөнүн жарыялаган. Кийин кайра постто турган унаалардын айдоочулары жок болуп чыкканын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM