Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда алгачкы жолу жынсы кийимдерин өндүргөн фабрика ишке кирди

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 878 | 0

Кыргызстандагы эң ири текстил фабрикасы «Текстиль Транс» өлкөдө алгачкы жолу жынсы кийимдерди өндүрүүнү жолго койду. Бул долбоор ЮСАИДдин колдоосу менен ишке ашкан.

АКШ элчилиги маалымдагандай, бүгүн 31-майда ЮСАИД 8,4 млн сомдук жабдыкты «Текстиль Транс» фабрикасына тапшырды.

ЮСАИД тапшырган жабдык жынсы кийимдерин даярдоо, кургатуу жана үтүктөө ж.б. функцияларын аткарат. Ал эми «Текстиль Транс» фабриканын курулуш иштерине жана тигүүчү жабдыктарга өзү инвестиция салган.

Бул фабрика жынсы кийимдерин эркектер, аялдар жана балдар үчүн линияларын толук чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.

«Өткөн жылы алгачкы ата мекендик масс-маркет MENIKI брендин чыгарганбыз. Бул жылы биз жынсы кийимдерин өндүргөн алгачкы фабриканы ачып жатабыз. Биздин максатыбыз — жогорку сапаттагы жынсы кийимдерин өндүрүп, алгач жергиликтүү калкка, андан соң чет өлкөлөргө сунуштайбыз», — деп билдирди «Текстиль Транс» жетекчиси Нургазы Мышыев.

Жынсы кийимдерин өндүргөн фабрикада 350 жумушчу орун түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM