Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда абактан качкан 17 жаран табыла элек

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 11546 | 0

Кыргызстан эгемендик алгандан бери түзөтүү мекемелеринен качкан 17 соттолгон жаран табыла элек. Бул тууралу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев брифинг учурунда билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, жабык тибиндеги түзөтүү мекемесинен 61 соттолгон жаран качып, 11 качуу фактысы катталган.

Алардын ичинен 40ы жерди казуу, жетөө дубалдан секирип өтүү, бирөө медициналык мекемеден жана 13 жаран башка жолдор аркылуу качып чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM