Биз менен байланышыңыз

Тармактык комитет Жедигер Саалаевди кызмат ордунан бошотуу сунушун жактырды

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 2164 | 0

Бүгүн, 31-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет Жедигер Саалаевди Конституциялык соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени карады.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов белгилегендей, судья Жедигер Саалаевдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуу сунушталууда.

Ага ылайык, тармактык комитет Жедигер Саалаевди конституциялык сотунун судьясынын кызматынан бошотуу жөнүндө сунушту жактырды.

Эми аны кызмат ордунан бошотуу сунушу Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM