Биз менен байланышыңыз

Мектеп лигасынын финалдык мелдештери өтүп жатат

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 1119 | 0

Бүгүн, 31-майда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионда мектеп лигасынын 2021-2022-сезонунун финалдык мелдештери башталды. Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Финалдык беттештердин расмий ачылышына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов жана Мектеп лигасы федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Анда Канат Шабданбаев мектеп лигасы окуучулар үчүн спорт менен машыгуусуна чоң стимул болорун белгилеп, долбоордун келечеги бар экенин айтты. Финалдык беттештер эркектер жана кыздар арасында футбол, волейбол жана баскетбол боюнча өтөт.

Мектеп лигасынын алкагында жалпы республиканын бардык аймактарынан, Ош, Бишкек шаарларынан келген 600гө жакын окуучу катышууда.

Футбол боюнча беттештер Ш. Сыдыков атындагы спорттук колледжде жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын футбол аянтчаларында, волейбол боюнча оюндар Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жана баскетбол боюнча беттештер Кыргыз-Түрк Манас университетинин спорттук аянтчасында жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өтөт.

Белгилей кетсек, мектеп лигасы өткөн жылдын 28-октябрында старт алган. Финалдык беттештер 3-июнда жыйынтыкталып, расмий жабылуу аземи өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM