Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы дин кызматкерлерине бирдиктүү форма тигилди

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 1832 | 0

Бүгүн, 31-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев имам Сарахси атындагы башкы мечитте Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы жалпы дин кызматкерлери үчүн тигилген бирдиктүү формаларды тапшырды.

Муфтияттан кабарлашкандай, 3800 даана форма тигилди.

«Дин кызматкерлери эл аралап жүрөбүз. Дайыма формабызды кийип, түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзөлү. Форма айылдык имамдарыбызга чейин тигилди. Эми бирдиктүү формага өтөлү», — деди муфтий.

Муну менен катар муфтий өлкө аймагында атайын окутуулар жүрүп жатканын айтып, имамдар билимдүү, келбеттүү болушу керектигин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM