Бишкек шаарында 25-майдан 30-майга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болду.
Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү кабарланды.
Жумушчу топтордун келерки жолугушуусун Тажикстандын аймагында өткөрүү пландаштырылган.