Биз менен байланышыңыз

1-июнда күндүн табы көтөрүлөт

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 275 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 1-июнда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19,

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM