Биз менен байланышыңыз

Зеленскийдин кеңешчиси согуш дагы бир канча айга созуларын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 31 мая 2022 | 4389 | 0

Украина президенти Зеленскийдин кеңешчиси Алексей Арестович Орусия менен болгон согуш дагы бир канча айга созуларын айтты. Бул тууралуу украиналык басылмалар жазды.

Ал: «Мен украиналыктар бул өтө маанилүү нерсени түшүнүүсүн каалайм. Орусиянын «атайын операциясын» биз эбак жеңдик. Бирок алдыдагы согушту да жеңишибиз керек. Албетте бул узакка созулат, кеминде бир канча айга», — деп билдирген.

Президенттин кеңешчисинин айтымында, учурда согуштун темпи, логикасы жана күрөшүү ыкмалары, мүмкүнчүлүктөрү баары өзгөрдү. Эми согушту 4 фронтто жеңүү максаты турат, алар: аскердик, дипломатиялык, маалыматтык жана экономикалык жактан деп кошумчалады.

«Бул жагы эми «Ким канча учак атып түшүрөт?» же «Ким абадагы десанттарды жардырып жиберет?» деген согуш эмес. Согушту дипломатиялык аянтачаларда, санкциялык тизмелерде, Батыш менен маалымат алмашуу жааты, ж. б тармактарда жеңүү керек. Ал эми каржылык жактан караганда Орусиянын мүмкүнчүлүктөрү бизге караганда көбүрөөк», — деп билдирген Зеленскийдин кеңешчиси.

Белгилей кетсек, Орусия Украинанын аймагына чабуул жасаганына 3 айдан ашты. Учурда Украинанын Мариуполь, Харьков шаарлары жана бир канча айыл-кыштак Орусиянын аскерлеринин көзөмөлүндө турат. Ал эми негизги салгылашуу учурда Украинанын чыгышы Северодонецк аймагында болуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM