Биз менен байланышыңыз

ТИМ Санкт-Петербургда токмоктолгон кыз боюнча нота жөнөттү

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 501 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Санкт-Петербург шаарында өгөй атасы зордуктап, сабаган кыз боюнча толук маалымат берүүнү талап кылган нота жөнөттү.

Ушундай эле кайрылуу Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдарына, Балдардын укуктары боюнча өкүлчүлүгүнө жана башка тиешелүү тараптарга жолдонгон. Учурда расмий жоопту күтүп жатышканын маалымдады элчилик.

Айта кетсек, Санкт-Петербург шаарында катуу сабалган кыргыз кыз ооруканага жаткырылган. Аны өгөй атасы менен өз апасы сабаганы тууралуу маалымат тараган. Шаардык полиция айыпталуучу эркек адамды студент кызды зордуктап жүргөн деген да шек менен да суракка алууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM