Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Арзыбек Кожошев азыркы кызматын июндун аягына чейин аркалайт

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 218 | 0

Арзыбек Кожошев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын июндун аягына чейин аркалайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Буга чейин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) акыркы жыйынында Арзыбек Кожошевди Кыргызстандан Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматына дайындоо чечими кабыл алынган.

«ЖЕЭК жыйыны видеоконференция форматында өткөнүнө байланыштуу жыйын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерге жана документтерге ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан белгиленген тартипте кол коюлат. Регламентке ылайык, кабыл алынган чечимдер менен документтерге Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн бардык президенти кол койгон соң, Арзыбек Кожошев ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри катары кызматына киришет», — деди ал.

Султанбаев билдиргендей, Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин кол коюусуна, ошондой эле талапкердин керектүү документтерди толтуруусуна бир ай убакыт кетет. Ага чейин Арзыбек Кожошев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматында кала берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM