Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларын сыйлады

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 174 | 0

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламенттин мурдагы төрагалары менен жолугушту. Анда аларга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин чечими менен ыйгарылган  «КМШ ПААга 30 жыл» аталышындагы мааракелик медалдарды тапшырды.

Токтомго ылайык, Кыргызстандын Жогорку Советинин жана Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагалары сыйланды:

  • Акматов Таштанбек Акматович – Кыргыз  ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы (1987-1990);
  • Шеримкулов Медеткан Шеримкулович – XII чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана алгачкы Жогорку Кеңештин (легендарлуу парламенттин) төрагасы (1990-1994);
  • Матубраимов Алманбет Матубраимович – I чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (1995-1997);
  • Эркебаев Абдыганы Эркебаевич – I чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (1997-2000), II чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы (2000-2005);
  • Бөрүбаев Алтай Асылканович – II чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (2000-2005);
  • Кадырбеков Ишенбай Дүйшенбиевич – II чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы (2005);
  • Мукашев Муратбек Осмоналиевич – II чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (2005);
  • Текебаев Өмүрбек Чиркешович – III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы (2005-2006);
  • Султанов Марат Абдыразакович – III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы (2006-2007);
  • Мадумаров Адахан Кимсанбаевич – IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы (2007-2008);
  • Тагаев Айтибай Султанович – IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы (2008-2009);
  • Курманов Зайнидин Карпекович – IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы (2009-2010);
  • Келдибеков Ахматбек Келдибекович – V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы (2010-2011);
  • Жээнбеков Асылбек Шарипович – V-VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин төрагасы (2011-2016);
  • Джумабеков Дастанбек Артисбекович – VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы (2017-2020);
  • Абдылдаев Мыктыбек Юсупович — VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы (2020);
  • Исаев Канатбек Кедейканович – VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы (2020);
  • Мамытов Талант Турдумаматович – VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM