Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баңгизат сатууга шектелип эки жаран кармалды

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 138 | 0

28-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кара-Суу шаарында баңгизатын мыйзамсыз сатуу учурунда Ш.А.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал мурда соттолуп, Өзбекстада баңгизаттарын жүгүртүүгө катышкандыгы үчүн жазасын өтөп келген.

Алынган баңгизатынын салмагы 1 кг 718 граммды түзүп, жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында кара куурай (гашиш) экени аныкталган.

Мындан тышкары, ошол эле күнү 1984-жылы туулган Т.Ш. аттуу жаран кармалган. Ал аталган баңгизат саткан топтун мүчөсү болгон.

Анын үйүн тинтүү учурунда жалпы салмагы 75 граммды түзгөн героин табылган.

Жогоруда аталган жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM