Биз менен байланышыңыз

Энесин коргоп камакка алынган өспүрүм үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 370 | 0

 Энесин коргоп, мас кишиге бычак сайган 16 жаштагы өспүрүм бүгүн үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Чечимди Ленин райондук соту кабыл алган.

Баланын өспүрүмдөр колониясына камакка алынган жагдайды 27-майда «Балдардын укугун коргоо» лигасынын директору Назгүл Турдубекова коомчулукка алып чыгып, баланын энесин коргоо максатында ушул ишке барганын айтып, сот органдарын айыптаган.

Буга байланыштуу Акыйкатчы институту Ленин райондук сотуна кайрылуу жолдоп, өспүрүмдүн баш коргоо чарасын тез арада алмаштырууну өтүнгөн.

Айта кетсек, 14-майда «102» кызматына Бишкек шаардык милициясына Рыскулов көчөсүндө бычак жеген адам жатканы тууралуу кабар келген. Жеринен териштирүүдө ал мас абалында ошол жердеги мейманканалардын бирине келип, администратор менен чатакташа кеткени, администратордун 16 жаштагы уулу апасын коргоо максатында мас адамга бычак сайганы аныкталган.

Бул факты «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып, 16 жаштагы бала кармалган.

Ленин райондук соту «жабырлануучу кокус өлүп калса да» деген жүйө менен  № 14 түзөтүү колониясына бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM