Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Президент Садыр Жапаровдун башка бир жарлыгына ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу кызматынан бошотулду.
Каныбек Туманбаев 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон. Интернет булактарында ал курулуш компаниясынын жетекчиси экендиги көрсөтүлгөн.
Тургунай
30.05.2022 14:41
Каныбек иш ордун менен куттуктаймын,мен сага ишенемин келечекте Мекенин суйгон,коздун карегиндей сактаган патриот жигитттерденболосун,бекем Ден соолук,машине ийгилик каалаймын!!!
Аксы
30.05.2022 16:09
Карышкырга кой кайтаркандай болуптур да. Негизи ушундай уурулар президентке керек экен да