Биз менен байланышыңыз

Лавров Путиндин ден соолугу начарлап кетти делген маалыматты четке какты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 мая 2022 | 2728 | 0

«Владимир Путиндин ден соолугу начарлап кетти» делген маалыматты Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров четке какты.

«Президент Владимир Владимирович күн сайын эле коомчулукка чыгып жатат. Сиздер аны экрандан көрүп, угуп, окуп жатасыздар. Айрым адамдар анын саламаттыгынан кандайдыр бир шек санаганы түшүнүксүз. Мындай ушак тараткандарды алардын абийирине койдум», — деп билдирген Лавров француз телеканалына берген маегинде.

Мындан сырткары «Путин Украина боюнча баштапкы планы үчүн жинденип жатабы?» — деген суроого, Украинадагы «аскердик операция» план боюнча кетип жатканын,  жарандык объекттерге сокку уруудан карманганы үчүн пландын убактысы созулуп кеткенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Орусия Украинанын аймагына чабуул жасаганына 3 айдан ашты. Учурда Украинанын Мариуполь, Харьков шаарлары жана бир канча айыл-кыштак Орусиянын аскерлеринин көзөмөлүндө турат. Ал эми негизги салгылашуу учурда Украинанын чыгышы Северодонецк аймагында болуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM