Биз менен байланышыңыз

ККМге каршы болгон жарандар акцияга чыгышты

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 191 | 0

Бүгүн, 30-майда өкмөт үйүнүн алдында бир ишкер кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы акция өткөрүүдө.

Топтолгондор кассалык аппаратты орнотуу талабын жокко чыгаруу менен бирге, эсеп-фактураны тапшырууну да жокко чыгарууну талап кылышууда.

«Биз патенттик система боюнча ишти уланткыбыз келет, анткени товар акыркы керектөөчүгө жеткенге чейин эсеп-фактура үч жолу тапшырылат», — деди катышуучулардын бири.

Митингге чыккандар ишкерлер менен кеңешпей туруп, жаңы системаны киргизип жатышканын, бул коррупцияга жол ачарын айтышууда.

Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, акча жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган ишкерлер салыктан бошоону кааласа, ККМ колдонушу керек. Анткени ККМ бизнестен түшкөн кирешени аныктап берет.

Салык кызматынын маалыматы боюнча, быйыл үч айда 18 миңден ашык ишкер көзөмөл-кассалык машинаны колдонууга өттү. Өлкө боюнча 45 миң 35 көзөмөл-кассалык машина колдонулат, анын 22 миң 173ү – аппараттык ККМ жана 22 миң 862си – программалык ККМ.

Өлкөдө бир топ ишкер жана соодагерлер ККМ аппаратына нааразылыгын билдирип, бир нече жолу митинг өткөрүшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM