Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда темир иштетүүчү заводдо жарылуу болуп, 7 адам күйүк алды

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 152 | 0

Жалал-Абад шаарында темир заводунда темир эритүүчү меш жарылып, 7 адам күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы Индустриальный көчөсүнүн №12 дарегинде жайгашкан «Мин-Ксин» темир заводунун аймагында темир эритүүчү меш жарылып, 3 киши оор күйүк алган. Алар: 1993-жылы туулган К.С, 1991-жылы туулган Б.А. жана 1996-жылы туулган А. уулу А. тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ошондой эле 2004-жылы туулган Ж.Э. кыргыз жараны, 1991-жылы туулган Р.С. өзбек жараны жана 2 кытай жарандары 1973-жылы туулган Ш.З. жана 1993-жылы туулган Л.Х. жеңил күйүк алышып,  алар медициналык кароодон өткөрүлгөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM