Биз менен байланышыңыз

Аскердик техникалардын көргөзмөсү өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 29 мая 2022 | 1827 | 0

Бүгүн, 29-майда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды.

Анда ок атуучу куралдар, инженердик жабдуулар жана радиостанциялар коюлду.

Президент Садыр Жапаров Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин мааракелик күн менен куттуктап, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн стратегиялык өнүктүрүү боюнча пландарды белгиледи.

Мындан тышкары, төмөнкү аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдирилди:

— полковник Мурат Оторовго;

— подполковник Эрмек Асановго;

— капитан Бакытбек уулу Нурсейитке;

— капитан Кубатбек уулу Бексултанга;

— ага лейтенант Адылбек Кочкоровго.

Иш-чара ата мекендик эстрада артисттеринин майрамдык концерти менен жыйынтыкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM