Биз менен байланышыңыз

30-майда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 29 мая 2022 | 317 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Үстүбүздөгү жылдын 30 – майында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Эртең, 30-майда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +19…+21 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM