Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын агроөнөр жай комлексин колдоого 8 млн доллар бөлүнөт

Кыска кабар | 29 мая 2022 | 214 | 0

Евразия өнүктүрүү банкы менен «Айыл банк» ААК Агроөнөр жай комплексин колдоо программасын ишке ашыруу боюнча 8 миллион долларлык алкактык келишимге кол коюшту.

Кол коюу Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунун алкагында өттү.

«Долбоордун максаты — агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү. Агроөнөр жай сектору Кыргызстандын экономикасында олуттуу роль ойнойт жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда жаңы соода мамилелерин жана товарларды жеткирүү чынжырларын курууда чоң экспорттук мүмкүнчүлүктөргө ээ», — деп айтылат маалыматта.

Банк долбоордун айыл чарба өндүрүүчүлөрүн да, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды да колдоону күтөрүн белгиледи.

2014, 2017 жана 2018-жылдары Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында «Айыл Банкка» жалпысынан 20 млн долларлык насыя берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM